Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 токтомуна)
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана педагогикалык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында гранттык жана бюджеттик негизде окуп жаткан кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн (мындан ары - бүтүрүүчүлөр), ошондой эле жаш адистерди бөлүштүрүү жол-жобосун белгилейт.
2. Кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын толук окуу курсун аяктаган жана дипломдук долбоорду (ишти) жактаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөрү алган адистигине жана квалификациясына ылайык жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - бөлүштүрүү боюнча комиссия) чечими боюнча жумушка жиберилет.
3. Медициналык, фармацевттик адистиктер, маданият жана искусство жаатындагы адистиктер, Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү уюмдарында ишке ашырылуучу педагогикалык багыттар жана даярдоо багыттары боюнча даярдоочу билим берүү уюмунун биринчи курсунда билим алып жаткан студент менен кесиптик орто же жогорку билим берүү уюмунун ортосунда ишке милдеттүү түрдө бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө эки тараптуу келишим түзүлөт, иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана иштен баш тарткан учурда каражаттардын ордун толтуруу шарттары анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Бюджеттик каражаттардын эсебинен кесиптик орто, жогорку билим жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим алган бүтүрүүчүлөр жумушка жөнөтүлүүгө тийиш:
- медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- педагогикалык адистиктер боюнча - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- маданият жана искусство жаатындагы адистиктер боюнча -маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- укук коргоо ишинин адистиктери боюнча - ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен.
Мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча окууга жиберилген кесиптик жогорку билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштеп берүү мөөнөтү кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан чет өлкөлүк билим берүү уюмдары жана/же юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
5. Окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча жумушка бөлүштүрүүдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- I жана II топтогу майыптар;
- медициналык-социалдык экспертизанын же саламаттык сактоо системасынын медициналык уюмунун корутундусу боюнча келечектеги кесиптик ишине медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар, анын ичинде республиканын айрым аймактарында иштөө менен байланышкан чектөөлөрү болгон адамдар;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.
6. Кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө жумуш берүү билим берүү системасынын, саламаттык сактоо, ички иштер, маданият жана искусство уюмдарынын керектөөлөрүнө ылайык жаш кадрлар менен камсыз кылуу үчүн пландык тартипте жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 токтомуна)
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана педагогикалык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында гранттык жана бюджеттик негизде окуп жаткан кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн (мындан ары - бүтүрүүчүлөр), ошондой эле жаш адистерди бөлүштүрүү жол-жобосун белгилейт.
2. Кесиптик орто, жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын толук окуу курсун аяктаган жана дипломдук долбоорду (ишти) жактаган, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөрү алган адистигине жана квалификациясына ылайык жеке бөлүштүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - бөлүштүрүү боюнча комиссия) чечими боюнча жумушка жиберилет.
3. Медициналык, фармацевттик адистиктер, маданият жана искусство жаатындагы, энергетика жаатындагы адистиктер, Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү уюмдарында ишке ашырылуучу педагогикалык багыттар жана даярдоо багыттары боюнча даярдоочу билим берүү уюмунун биринчи курсунда билим алып жаткан студент менен кесиптик орто же жогорку билим берүү уюмунун ортосунда ишке милдеттүү түрдө бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө эки тараптуу келишим түзүлөт, иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана иштен баш тарткан учурда каражаттардын ордун толтуруу шарттары анын типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бюджеттик каражаттардын эсебинен кесиптик орто, жогорку билим жана жогорку окуу жайдан кийинки медициналык билим алган бүтүрүүчүлөр жумушка жөнөтүлүүгө тийиш:
- медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- педагогикалык адистиктер боюнча - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- маданият жана искусство жаатындагы адистиктер боюнча -маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн эки жыл жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен;
- укук коргоо ишинин адистиктери боюнча - ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жыл иштеп берүү мөөнөтү менен.
- энергетика жаатындагы багыттар жана адистиктер боюнча - энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн иштеп берүү мөөнөтү - эки жыл, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн - бир жыл.
Мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча окууга жиберилген кесиптик жогорку билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштеп берүү мөөнөтү кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан чет өлкөлүк билим берүү уюмдары жана/же юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окуган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү бөлүштүрүүгө ылайык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мекемелерге, уюмдарга же ишканаларга кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн - эки жыл, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн - бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен ишке жөнөтүлүүгө тийиш.