Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 4-июну № 447-т
Ченемдик укуктук актыларга укуктук мониторинг жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII "Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар:
1) Планда каралган ченемдик укуктук актыларга белгиленген мөөнөттөрдө укуктук мониторинг (мындан ары - мониторинг) жүргүзсүн;
2) мониторинг жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алсын;
3) квартал сайын кийинки отчеттук мезгилдин 10уна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду берип турсун;
4) мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду жалпыласын, жыйнасын, талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча аналитикалык катты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына мониторингди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту берүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү ПЛАНЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 4-июну № 447-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы N 840-т тескемесинин редакциясына ылайык)