Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2025-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 387

Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 19-сентябры ПЖ № 269

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын

10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун

жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча

кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү

киргизүү тууралуу

Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

–.2-пунктта “1-октябрына” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров