Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-сентябры № 775-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300-т тескемесинин редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. ТРАСЕКАнын бирдиктүү транзиттик уруксаты жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |