Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 9-апрели № 2

Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинде каралган акча каражатын которуп берүү жөнүндө

 

Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинде каралган акча каражатынан №958, 960 контурлардагы 1 гектар жер аянтын бышкан кирпич завод куруу үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууга жана алынбай калган пайданын наркы үчүн акча каражат төлөп берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кеңешинин VII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн, бюджетинде көрсөтүлгөн Турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) беренесинен карагай зым тартууга каралган акча каражаттан 268 295 (эки жүз алтымыш сегиз миң эки жүз токсон беш) сом №958, 960 контурлардагы 1 гектар жер аянтына бышкан кирпич завод куруу үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууга жана алынбай калган пайданын наркы үчүн Турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесине которулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Б. Акматов