Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү
жана инновациялар министрлигине караштуу
Жогорку аттестациялык комиссия жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85, 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 225 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия (мындан ары – ЖАК) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу функциясын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.
ЖАК Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
ЖАК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана мыйзам алдындагы актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча ишин жүргүзүүдө ЖАКтын ишинин негизги принциптери болуп мыйзамдуулук, компетенттүүлүк, көз карандысыздык эсептелет.
ЖАКтын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттардын, анын ичинде эл аралык келишимдердин жоболорунун алкактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. ЖАКтын мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигинде турат жана ЖАКка оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
ЖАК юридикалык жак статусуна ээ, анын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, бекитип берилген мүлкү бар.
2-глава. ЖАКтын милдеттери
2. ЖАКтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу;
2) диссертациялык кеңештерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары – ЖОЖ) жана илимий жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-изилдөө ишин аттестациялоо;
3) диссертациялык кеңештердин, ЖАКтын президиумунун иштешин камсыз кылуу;
4) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө карата бирдиктүү квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана камсыз кылуу;
5) илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарын изденүүчүлөрүн аттестациялоо;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга болгон илимий-өндүрүштүк жана социалдык чөйрөнүн муктаждыктарын эске алуу менен аларды аттестациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;