Загрузка документа…
ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2017-жылдын 20-ноябры № 46 / X-3-VII
Вознесеновка айылынын Ленин көчөсүндөгү дүкөн салына турган жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө
1999 -жылдын 2-июнундагы № 45 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жана Панфилов районунун шаар куруу жана архтитекттура боюнча башкармалыгын 2017-жылдын 21-июлундагы № 50-17 курулуш боюнча корутундусуна таянып, Вознесеновка айылынын Ленина көчөсүндөгү дүкөн салына турган жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жана ордуна эки 5 батирлүү турак-жай салуу жөнүндө маселени талкуулап чыгып Вознесеновка айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Вознесеновка айылынын Ленин көчөсүндөгү дүкөн салына турган жер участогунун максаттуу багыты өзгөртүлүп, эки 5-батирлүү турак-жай салууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын контролдоо жагын Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эралиевке жүктөлсүн.
Вознесеновка айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Каркеев |