Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 10-1/268 буйругуна тиркеме
Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
1-бөлүм. Киришүү
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды, чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоонун бул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин, «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Күрөө жөнүндө», «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыгып, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо (мындан ары - укуктарды каттоо) жана кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Бул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар:
1) укук ээси - кыймылсыз мүлккө болгон укукка ээ жеке жана юридикалык жак;
2) ыктыярдуу каттоо - акы төлөө менен жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде укуктарды мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жол-жобо;
3) укук белгилөөчү документ – кыймылсыз мүлк бирдигине менчик укугун жана башка укуктарды белгилөөчү, өткөрүп берүүчү, чектөөчү же токтотуучу документ (мыйзам, тиешелүү укуктуу органдын чечими, келишим, соттун чечими ж.б.);
4) каттоо зонасы - жергиликтүү каттоо органынын администрациялык жоопкерчилик жана юрисдикция зонасы, анын чектери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу жак тарабынан аныкталат. Каттоо зонасынын чектери райондордун жана шаарлардын администрациялык чектери менен туура келбеши мүмкүн;
5) каттоо сектору - өзүнүн коду бар каттоо зонасынын түзүмдүк бөлүгү;
6) каттоо кварталы - өзүнүн коду бар калктуу конуштардагы каттоо секторунун түзүмдүк бөлүгү;
7) курулуш - өзүнчө курулган имарат, курулма, үй же болбосо бир же бир нече бөлүктөрдөн турган башка объект;
8) геодезиялык өлчөөлөр - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геодезиялык тармагындагы (мындан ары - МГТ) өлчөөлөр;
9) геодезиялык пункт - жеринде тиешелүү конструкциядагы белгилер менен бекитилген жана КоординаттардынБирдиктүүМамлекеттикСистемасында координаттары бар пункт (КБМС);
10) техникалык документтер - кадастрдык план, техникалык паспорт, жерге жайгаштыруу көктөмү;
11) кадастрдык план - кыймылсыз мүлктүн идентификациялык кодун, жерлердин категориясын, чарба жерлеринин түрүн, максатгуу багытын, аянтын, кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жерин жана дарегин, масштабдагы кыймьшсыз мүлк бирдигинин графикалык сүрөтүн (планын), жер тилкесинин координаттарын, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каггоо жөнүндө маалыматтарды, укук ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган, жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ;
12) кыймылсыз мүлк бирдиги (кыймылсыз мүлк) - белгиленген чек арасы бар жеке же юридикалык жактардын менчигинде же пайдалануусунда, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участогу, имарат, курулма, батир же башка кыймылсыз мүлк. Эгерде жер участогунда бир менчик ээсине таандык бир нече имараттар, курулмалар же башка кыймылсыз мүлк объекттери болсо, анда бул объекттер жана жер участогу жыйындысында, кыймылсыз мүлктүн бир бирдигин түзөт;
13) кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөө-имараттардын, курулмалардын, батирлердин же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жер участогунун иш жүзүндөгү чектерин аныктоо;
14) техникалык паспорт - кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн, белгиленген формадагы документ;
15) кадастрлык сүрөткө тартуу - жер участоктордун чек араларын аныктоо, аларды координациялоо жана кадастрлык карталар менен пландарда чагылдыруу үчүн аткарылчу топографиялык сүрөткө тартуунун түрү;
16) камералык иштер - талаа жумуштарынын процессинде топтолгон материалдарды иштетүү;
17) жеңил конструкциялардан жасалган кыймылсыз мүлк объектилери – бул негизги каркасы металл же жыгач конструкциялардан турган, жер менен бекем байланышта болгон, белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алынууга тийиш болгон имараттар жана курулмалар. Мындай объекттер конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык, алардын негизги функцияларына жана туруктуулугуна зыян келтирбестен, ордун өзгөртүү же демонтаждоо мүмкүн болбогон капиталдык курулуш белгилерине ээ. Жеңилдетилген типтеги жана убактылуу мүнөздөгү курулуштар мындай объекттердин курамына кирбейт жана кыймылсыз мүлк катары эсептелбейт;
18) документтерди кабыл алуу боюнча адис - документтерди кабыл алууну жана берүүнү ишке ашырган жергиликтүү каттоо органынын кызматкери;
19) картограф - индекстелген карталарды даярдаган жана өздүк идентификациялык коддорду ыйгарган жергиликтүү каттоо органынын адиси;
20) укуктук кадастр боюнча адис - системалык каттоо жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк бирдигине болгон укуктар менен байланышкан маалыматтарды жыйноого, анализдөөгө, салыштырууга жана тактыгына жооп берген тийиштүү квалификациядагы жеке жак;
21) кадастрдык топография боюнча адис (кадастрдык топограф) - системалык каттоо жүргүзүүдө кадастрдык-топографиялык иштерди аткарган тийиштүү квалификациядагы жеке жак;
22)чек белгилери - түрдүү менчик ээлерине же пайдалануучуларга тийиштүү болгон жер участкаларынын ортосундагы өткөн чектердин бурулуш чекиттерине орнотулган кандайдыр бир үлгүдөгү белгилер;
23) юридикалык жактын толук аталышы - юридикалык жактын уюштуруу-укуктук түрү жана анын аталышы;
24) бенефициардык укук - бул жарандык-укуктук бүтүмдү түзүүнүн натыйжасында же болбосо ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде кандайдыр бир пайда тапкан укуктук мамилелердин бир жагынын укугу;
25) бенефициардык жак - бул менчигинде башка кыймылсыз мүлк бирдиги бар башка адамга тийиштүү милдеттерди жүктөөнүн натыйжасында материалдык же материалдык эмес мүнөздөгү кандайдыр бир пайда тапкан укук ээси;
26) бенефициардык бирдик - бул менчигинде башка кыймылсыз мүлк бирдиги бар башка адамга тийиштүү милдеттерди жүктөөнүн натыйжасында материалдык же материалдык эмес мүнөздөгү кандайдыр бир пайда тапкан кыймылсыз мүлк бирдиги, менчик ээси же пайдалануучу;
27) ИЖН - адамдын идентификациялык жеке номери;
28) каттоонун автоматташтырылган системасы (мындан ары – КАС) - кыймылсыз мүлк объекттерине укуктарды каттоо, эсепке алуу, маалыматты сактоо, берүү жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган жергиликтүү каттоо органынын локалдуу автоматташтырылган маалыматтык системасы;
29) дубликат - түп нускасы менен бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ыйгарым укуктуу орган тарабынан расмий түрдө берилген, жоголгон же жараксыз абалга келген документтин кайталап берилген нускасы;
30) онлайн-каттоо сервиси-электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, «Түндүк» мобилдик тиркемеси же башка интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу кыймылсыз мүлк объекттери менен бүтүмдөрдү каттоого байланыштуу арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтырууга арналган төлөм уюмдарынын санариптик инструменттери;
31) онлайн каттоо - кыймылсыз мүлк объекттери менен болгон бүтүмдөрдөн келип чыккан кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана чектөөлөрдү онлайн каттоо сервиси аркылуу каттоо;
32) каттоочу - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
33) бетти таануу кызматы «Face ID» - адамдын инсандыгын тастыктоо максатында аны идентификациялоо үчүн бетти таануунун биометрикалык технологиясы;
34) санариптик кол тамга - санариптик формадагы маалымат, ал башка санариптик формадагы маалыматка тиркелген жана логикалык жактан байланышкан санариптик документтин туруктуулугун камсыз кылуу менен бирге анын авторун аныктоо үчүн колдонулат.
35) жергиликтүү каттоо органы - ыйгарым укуктуу органдын кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо тармагындагы бөлүмү, ал өзүнүн негизги жайгашкан жеринен тышкары жайгашып, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүчү бөлүмү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
2-бөлүм. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү
3. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (мындан ары – КММР) түзүү кыймылсыз мүлктөр жөнүндө, учурдагы жана токтотулган укуктар жана укуктарга чектөөлөр, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарына ылайык укук ээлери жөнүндө системалаштырылган маалыматтарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын негизги документтерине киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
4. Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын негизги документтерине: кадастрдык план, каттоо карталары, каттоо карточкасы, каттоо иши жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого арыздарды каттоо журналы кирет. Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын негизги документтери кагаз жана электрондук булактарда жүргүзүлөт.
5. КММРди жүргүзүү максатында ар бир жергиликтүү каттоо органы каттоо боюнча каттоонун автоматташтырылган системасы (мындан ары – КАС) аркылуу өзүнүн каттоо зонасы боюнча кыймылсыз мүлк объекттери жана субъекттери боюнча маалыматтык базаны түзөт, ал андан кийин кыймылсыз мүлк боюнча республикалык бирдиктүү маалыматтык системага (мындан ары - КМБМС) бириктирилет.
3-бөлүм. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо
6. «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү укуктар жана чектөөлөр милдеттүү мамлекеттик катталууга тийиш:
- менчик укугу;
- чарба жүргүзүү укугу;
- оперативдүү башкаруу укугу;
- күрөөдөн келип чыккан укуктар;
- убактылуу пайдаланууга, ижарага же субижарага укук (үч жылга жана андан ашык мөөнөткө);
- сервитут, «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде көрсөтүлгөндөрдөн сырткары;
- айрым кыймылсыз мүлк бирдигин долбоорлоо, куруу жана пайдалануу боюнча укуктарга чектөөлөр, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кыймылсыз мүлккө жайылтылган чектөөлөрдөн сырткары;
- соттун чечиминен келип чыккан укуктар;
- тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамы (мындан ары - мыйзам) менен бекитилген жаратылыш пайдалануу укуктары;
- жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга укук;
- Граждандык кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык азыркы учурда же келечекте каттала турган башка укуктар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
7. «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, милдеттүү катталууга тийиш болгон укуктар же алардын чектөөлөрү жөнүндө ар кандай укук белгилөөчү же башка документ каттоо органына жогоруда көрсөтүлгөн документ түзүлгөн учурдан тартып отуз күндөн кечиктирилбестен берилет.
Эгер укук жана укукка болгон чектөөнү мамлекеттик каттоо боюнча арыз укукту негиздөөчү документ түзүлгөндөн кийин отуз календардык күндөн кечирээк берилсе, каттоо төлөмүнөн тышкары, кечиктирилген ар бир күнгө пеня эсептелет, анын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
8. Кыймылсыз мүлккө укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди жол-жоболоштуруучу жана берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, бул документтердин көчүрмөлөрүн 5 күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына электрондук жана кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү.
Кагаз жүзүндөгү документтер жергиликтүү каттоо органдарына колмо-кол же почта байланышы аркылуу берилет.
Электрондук документтер мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү каттоо органдарына жиберилет жана алар тарабынан кабыл алынат.
Санарип документтер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтериндеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтериндеги, ошондой эле жарандардын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулары болуп саналган санарип документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) карата талаптарга ылайык келүүгө жана санариптик кол тамга менен кол коюлууга тийиш.
Келип түшкөн (кагаз жана санарип) укук белгилөөчү документтердин эсебин жергиликтүү каттоо органынын архивариусу укук белгилөөчү документтерди каттоо журналында (1-тиркеме) жүргүзөт.
Кагаз жүзүндөгү укук белгилөөчү документтер сканерленүүгө жана алардын электрондук көчүрмөлөрү КАСтагы каттоо ишинин электрондук версиясына киргизилүүгө тийиш. Санарип документтер КАСтагы каттоо ишинин электрондук версиясына түздөн-түз киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
§ 1. Ыктыярдуу каттоо жүргүзүүнүн жалпы жоболору
9. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо укук ээсинин же ушул Эрежелердин талаптарына ылайык арыз берүүгө укугу бар адамдын арызынын негизинде жүргүзүлөт.
10. Укукту каттоо жергиликтүү каттоо органына арыз берилген күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Мурда жергиликтүү каттоо органында катталган кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн келип чыккан укуктарды каттоо 1 (бир) жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат.
Процессти автоматташтырууга жараша жана кээ бир укуктар менен чектөөлөрдү каттоодогу өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктарды каттоону ишке ашыруунун мөөнөттөрүн кыскарта алат.
11. Кыймылсыз мүлккө укуктарды же кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн негизинде укуктардын өтүшүн каттоо, чектөөдөгү же ээликтен ажыратылуучу кыймылсыз мүлккө, ошол мүлктүн менчик укугун мамлекеттик каттоо милдеттүү болгон шартта жүргүзүлөт.
12. Укукту каттоо үчүн төмөнкү документтер берилет:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- жеке жак үчүн – инсандыгын ырастоочу документ. Жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү үчүн инсандыгын ырастоочу документ, ошондой эле ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;
- Кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документтер;
- кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле кыймылсыз мүлк бирдигинин чектерин көрсөтүүчү план/схеманы камтыган документ, ал кыймылсыз мүлктүн максаттуу колдонулушуна ылайык талап кылынат.
- турак жайлар үчүн - турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) күрөө ээсинин укугун каттону эсепке албаган;
- юридикалык жак үчүн-анын өкүлүнүн ким экендигин жана ыйгарым укуктарын тастыктаган документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк жана юридикалык жакты уюштуруу документтери. Эгерде юридикалык жактын өкүлү катары анын жетекчиси чыкса, аны шайлоо же дайындоо жөнүндө юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечим берилет.
13. Укук ээси, ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу укугун каттатуу үчүн арыз менен кайрылган учурда, укукту каттоого нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет. Мында кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоого ишеним кат берилген учурлардан тышкары юридикалык жактар тарабынан берилген укукту каттоого ишеним кат нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.
Юридикалык жак тарабынан берилген ишеним катка анын жетекчиси же уюштуруу документтеринде ыйгарым укук берилген башка адам кол коюуга жана ушул уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде аны берген адамдын атынан бардык аракеттерди жасоого ишеним кат (башкы ишеним кат) берилсе, анда ишеним кат боюнча иш алып барган адамга укукту каттоого арыз берүү үчүн өзүнчө ишеним кат талап кылынбайт.
Нотариалдык форманы талап кылган кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү түзүүгө ишеним кат нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда ишеним каттардын аныктыгын текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жергиликтүү каттоо органдарын «Электрондук нотариат» маалыматтык системасына он-лайн режиминде, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жетүүсүн камсыздайт.
Ишеним каттын жарактуу мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш. Эгер ишеним катта мөөнөт көрсөтүлбөсө, ал берилген күндөн тарта бир жыл ичинде гана жарактуу болуп эсептелет. Ишеним катта түзүлгөн датасы көрсөтүлбөсө, ал жараксыз деп табылат.
Башка бирөөгө ыйгарым укукту кайра берүү тартибинде берилген ишеним кат нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бирок бул талап юридикалык жактын жетекчиси же ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилген учурда колдонулбайт.
Кайра ишеним каттын мөөнөтү ал берилген негизги ишеним каттын мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
Негизги ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө же ал токтотулган учурда, ага негизделип берилген кайра ишеним каттын да күчү жоголот.
Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген (күбөлөндүрүлгөн) ишеним каттарды жана башка документтерди легалдаштыруу жана апостилдөө талап кылынбайт, эгерде бул Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдерде каралган болсо.
Жергиликтүү каттоо органына мурда берилген ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө документ келип түшкөн учурда документ КАСда жокко чыгарылган ишеним каттарды каттоо журналында (2-тиркеме) катталат.
14. Кагаз жүзүндөгү документтер каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нускасы болууга тийиш. Документтин түп нускасы укук катталгандан кийин арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми каттоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү каттоо делосуна киргизилет.
15. Укукту онлайн режиминде каттоодо укук ээсине жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу адамынын электрондук колтамгасы менен кол коюлган электрондук форматтагы КММРдан көчүрмө жөнөтүлөт.
16. Укуктарды каттоого арыз менен кайрылууга укуктуу:
1) укук ээси;
2) укук ээсинин ишенимдүү адамы;
3) Мурас алууга талапкерлер, мураска калтыруучунун укугун каттоо учурунда (мурастоо укугун тастыктаган документ: туулгандыгы, никеси, өлүмү жөнүндө күбөлүк же туугандык мамилелердин фактысын аныктоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин көчүрмөсү);
4) ишенимдүү башкаруучу;
5) банкроттук процесси башталган учурда атайын администратор;
6) камкорчу;
7) көзөмөлчү;
8) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка жактар.
§2. Кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоого алуу үчүн берилген документтерге талаптар
17. Укукту каттоо үчүн берилген бардык документтер белгиленген тартипте таризделиши керек:
- документтин аталышын, документти берген органдын, мекеменин же уюмдун аталышын, датасын, документтин номерин; ыйгарым укуктуу жактын жана/же кызыкдар тараптардын мөөрүн, колтамгасын чагылдырган толтурулган реквизиттери менен;
- укук ээсинин фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтүү менен, кыскартпастан толук жазуу менен;
- юридикалык жактардын аталышын кыскартпастан толук жазуу жана почталык, юридикалык даректерин көрсөтүү менен;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылса, нотариалдык күбөлөндүрүүсү болууга тийиш;
- Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык кодун жана дарегин көрсөтүү менен (бар болсо);
- Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык параметрлерин баяндоо менен (аянты, өлчөмдөрү, ошондой эле бар болгон учурда координаттары менен байлоо чекиттери).
Эгерде укукту каттоо үчүн берилген документтер кагаз жүзүндө эки же андан көп баракта жазылса, алар көктөлүп, номер коюлуп, документти берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө же мыйзамда белгиленген учурларда нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Укукту каттоого берилген соттук актылардын түп нускалары жана көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бекиткен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү сотторунда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага ылайык таризделүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Электрондук форматтагы арыз жана документтер мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп саналган электрондук документтердеги реквизиттерге жана маалыматтарды берүү формасына (форматына) карата талаптарга жооп берүүгө тийиш. Мындан тышкары, арыз ээси жана документтерди электрондук форматта берген адамдар документтерди электрондук колтамга менен кол коюшу керек.
18. Оңдоолору же кошумча жазуулары бар, сөздөрү чийилген жана башка эскертилбеген оңдоолору бар документтер, ошондой эле карандаш менен жазылган документтер кабыл алынбайт.
Ошондой эле катталган укукту өткөрүп берүү, өзгөртүү, токтотуу же чектөөлөрдү коюу талабы менен байланышкан документтер, катталган укуктун ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз төмөнкү учурлардан тышкары кабыл алынбайт:
- эгерде бүтүм ишеним кат боюнча түзүлсө;
- эгерде бүтүм ишенимдүү адамдар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр тарабынан жасалса;
- эгерде укукту өткөрүп берүү, өзгөртүү, чектөө же токтотуу соттун чечиминин негизинде келип чыкса;
- эгерде укуктун өтүшү өлүмдүн айынан (юридикалык мурастоодон) улам келип чыкса.
§ 3. Кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоого алуу үчүн арызды жана документтерди кабыл алуу жол жобосу
19. Укук каттоо боюнча арыздар жана документтер кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген кабыл алуу күндөрү жана сааттарында атайын жабдылган жайларда кабыл алынат.
Мамлекеттик каттоого арызды жана документтерди жергиликтүү каттоо органы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формадагы арызды жана документтерди кабыл алуу жолу менен ойлайн режиминде да алышы мүмкүн.
Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн келип чыккан укуктарды каттоого арызды жана документтерди кабыл алуу ушул Эрежелердин 10-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
20. Укуктарды каттоого арыздарды жана документтерди кабыл алууда жергиликтүү каттоо органынын документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адиси төмөнкүлөрдү текшерет:
1) арыз берген адам анын инсандыгын ырастаган документке ылайык келер-келбесин.
Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документтерин:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID -карта);
б) туулгандыгы тууралуу күбөлүк - мыйзамдуу өкүлү, камкорчусу же көзөмөлчүсү ырасталганда 16 жашка чыга элек жарандар үчүн;
в) кайрылмандын күбөлүгү.
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы жарандык паспорт анын ээси тарабынан жарандык-укуктук иштерди жүзөгө ашыруу үчүн документ катары колдоно албайт.
Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу негизде Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган жана Кыргыз Республикасынын паспортуна (ID–карта) ээ эмес болгон жарандар, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык-укуктук аракеттерди жасай алышат, эгер алардын жалпы жарандык паспортунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке каттоо же туруктуу жашоо жайына каттоо тууралуу белгилөөсү жана алар жашаган өлкөнүн жарактуу жашоо уруксаты болгондо жасай алышат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ким экендиги Кыргыз Республикасында жашоого уруксаты же анын улуттук паспорту же башка документтер боюнча аныкталат.
Эгерде чет өлкөлүк адамдын паспортунда жазуу чет тилде гана жүргүзүлсө, паспорттун мамлекеттик же расмий тилиндеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун көрсөтүү зарыл.
Электрондук форматтагы арыздарды кабыл алууда жарандардын инсандыгы санариптик кол тамга же «Face ID» сервиси аркылуу аныкталат.
2) жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгү жана юридикалык жактардын укукка жөндөмдүүлүгү;
3) арыз берүүчүнүн арыз берүүгө ыйгарым укуктары;
4) ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү, жокко чыгарылган ишеним каттарды каттоо журналында жана «Электрондук нотариат» маалымат системасынын маалыматтар базасында ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтын болушу;
5) берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн түп нускалары менен дал келиши;
6) берилген документтердин ушул Эрежелердин 17,18-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келиши;
7) Кыймылсыз мүлк бирдигине укукту каттоого арызды кабыл алууга тоскоолдук кылган чектөөлөрдүн болушу.
21. Эгерде берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келсе, документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис:
- арыз ээсине жергиликтүү каттоо органынын банктык реквизиттерин көрсөтүү менен укукту каттоо үчүн жыйымдын өлчөмү жөнүндө, ал эми укук ээси укукту каттоо үчүн укук белгилөөчү документтерди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда, ошондой эле укукту өз убагында каттабагандыгы үчүн туумдун суммасы жөнүндө маалымдайт;
- укукту каттоо үчүн электрондук арыздын формасын КАС аркылуу толтурат, мында арыз ээси жөнүндө жеке маалыматтар (паспорттук маалыматтар, жеке идентификациялык номер), кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги жана жайгашкан жери, идентификациялык коду, каттоого берилген документтердин реквизиттери, ишеним кат жана төлөм жүргүзүлгөнүн тастыктаган документтин маалыматтары киргизилет.
Жалпы биргелешкен же жалпы үлүштүк мүлккө болгон укукту каттоого арыз берилген учурда, арыздын формасы кыймылсыз мүлк бирдигинин ээлери жөнүндө маалыматты жана жалпы биргелешкен же жалпы үлүштүк менчиктин укугун тастыктаган документтерди камтышы керек.
Арыз ээсинин жеке маалыматтарын чогултуу (паспорттук маалыматтар, жеке идентификациялык номер) «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык укук ээси жөнүндө маалыматты КММРге киргизүү жана мамлекет тарабынан катталган укуктук коргоону камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
- арызды кагазга басып чыгарат жана кол коюу жана киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү үчүн арыз ээсине берет;
- арызга кол коюлгандан кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого арыздарды каттоо журналына (3-тиркеме) арызды жана берилген укук белгилөөчү документтерди, ишеним каттарды каттайт (мындан ары-арыздарды каттоо журналы).
Мында арыздын катар номери, арыз берилген дата жана убакыт автоматтык түрдө КАСта түзүлөт;
- арыз ээсине белгиленген формага ылайык арызды жана документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берет жана арыз ээсинин байланыш телефонун жазат.
Электрондук форматтагы арыздарды кабыл алууда арыз ээсине электрондук арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт.
Кабарлоодо арызды жана документтерди кабыл алуу датасы жана убактысы, ошондой эле арызды кароонун аяктоочу күнү жана убактысы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш;
- тиркелген документтери менен арызды жергиликтүү каттоо органынын жетекчисине же жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине берет.
22. Электр энергиясы авариялык өчүрүлгөндө же КАС бузулганда документтерди кабыл алуу кол режиминде жүргүзүлөт, андан кийин маалыматтар КАСга милдеттүү түрдө киргизилет жана тиешелүү акт түзүлөт.
23. Эгер арыз ээси дареги же идентификацылык коду жок кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо үчүн кайрылса жана кадастрдык съемка жүргүзүү, техникалык текшерүү жасоо, жер участогуна документти даярдоо талап кылынса, укукту каттоо боюнча арыз менен бирге жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу боюнча тиешелүү арыз да кабыл алынып, жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө тапшырылат.
Бул учурда укукту каттоо боюнча арызды кароо мөөнөтү тиешелүү техникалык жана укуктук документтер даярдалып, каттоочу адиске өткөрүлгөн күндөн баштап эсептелет.
24. Арыздарды онлайн кабыл алуу учурунда укукту каттоо боюнча электрондук арыздын формасын толтуруу Мамлекеттик электрондук кызматтар порталында арыз берүүчү тарабынан, порталды колдонуу эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Электрондук арызга арыз берүүчүнүн санариптик кол тамгасы коюлушу зарыл. Укукту каттоо үчүн кызмат акысы порталдагы онлайн төлөм системасы аркылуу төлөнөт.
25. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- Тиешесиз адамдын кайрылуусу, жарандын иш-аракет кылуу жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу же юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу;
- Мамлекеттик каттоо боюнча иштерге акы төлөнгөндүгү жөнүндө документтин жоктугу же анын туура эмес таризделиши;
- арыз берген адамдын өздүгүн тастыктаган документинин жоктугу;
- өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин жоктугу же талапка ылайык эмес таризделиши;
- Кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документтин жоктугу;
- каттоого берилген документтер ушул Эрежелердин 17, 18, 20 -пункттарынын талаптарына ылайык келбесе;
- Кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн болушу (камакка алуу, тыюу салуу, токтото туруу);
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, эсептик көрсөткүчтүн 5 жана андан ашык өлчөмүнөн ашкан мүлк салыгы боюнча карыздын болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 20-августундагы № 10-1/241 буйругунун редакциясына ылайык)
26. Документтерди кабыл алуудан баш тартылган учурда, документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис белгиленген формадагы бланкта баш тартуунун себебин көрсөтүү менен документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө билдирүү түзөт жана арыз ээсине берет.
Укукту электрондук форматта каттоого арызды кабыл алган учурда адистин электрондук колу коюлган мындай кабарлоо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы арыз ээсинин жеке кабинетине жиберилет.
Укукту каттоого жазылган арыз, арызга кошулуп берилген документтер, арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө билдирүү ушул Эрежелердин 68-пунктунун талаптарына ылайык, сканерленип электрондук түрдө сакталат.
Эгерде кыймылсыз мүлккө каттоо делосу ачылбаса, анда көрсөтүлгөн документтер электрондук түрдө баш тартууларды топтоочу электрондук папкага жайгаштырылат.