Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-октябрындагы № 635 токтомуна)
Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында археологиялык талаа жумуштарын уюштуруу тартибин, археологиялык талаа жумуштарын жүргүзүүгө Ачык барактарды - уруксаттарды берүү жол-жобосун аныктайт, тарыхый-маданий мурастарды сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн археологиялык талаа жумуштары жөнүндө илимий отчетторго талаптарды белгилейт.
2. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары:
1) тарыхый-маданий мурас объекттери - "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулуктарды билдирген кыймылсыз (тарых, археология, шаар куруу жана архитектура эстеликтери), кыймылдуу (жалгыз жана комплекстүү) жана башка объекттер;
2) маданий катмар - адамдын жашоо-тиричилигинин издерин камтыган жана археологиялык предметтерди камтыган кыртыштын (жердин, топурактын) катмары;
3) археологиялык талаа изилдөөлөрү (жумуштары) - жер тилкелеринде же суу акваторияларынын бөлүктөрүндө археология эстеликтерин табуу максатында тарыхый-маданий мурас объектинде жүргүзүлүүчү комплекстүү деталдуу изилдөө, ал археологиялык чалгындоону, археологиялык казууларды, тарыхый-маданий мурас объекттерин табууну, изилдөөнү жана сактоону камтыйт;
4) археологиялык чалгындоо - жер тилкелеринде же суу акваторияларынын бөлүктөрүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ал масштабдуу казууларды жүргүзбөстөн, маданий катмарды шурфтар менен изилдөө жана ачылып калган жерлерди вертикалдуу тазалоо менен же ушуларсыз процессти жана натыйжаларды документтештирүү менен тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу, алар тууралуу маалыматтарды тактоо, ошондой эле аларды андан ары сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу үчүн жүргүзүлөт;
5) археологиялык казуулар - тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөө жана сактоо максатында процессти жана натыйжаларды документтештирүү менен жер жана алар менен байланышкан иштер аркылуу тарыхый-маданий мурас объекттерине (же ушундай белгилери бар объекттерге) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) куткаруу археологиялык талаа жумуштары - маданий мурасты изилдөө үчүн археологиялык предметтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн авариялык абалда же жоголуу коркунучунда турган тарыхый-маданий мурас объекттерин казуу жана изилдөө;
7) археологиялык изилдөө (экспертиза) - жер тилкесин жана суу акваторияларын анда курулуш, чарбалык жана башка иштерди баштоонун алдында, ошондой эле жерлерди трансформациялоого чейин тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу боюнча илимий визуалдык изилдөөлөрдүн комплекси, алардын максаты тарыхый-маданий мурас объекттеринин бузулушун жана жоголушун алдын алуу болуп саналат;
8) Ачык барак - эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында археологиялык изилдөө иштеринин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө кармоочунун укугун ырастаган энчилүү документ, уруксат;
9) аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчет - берилген Ачык баракка ылайык археологиялык талаа жумуштарын жүргүзүүнүн натыйжаларын билдирүүчү корутунду.
3. Археологиялык талаа изилдөөлөрүн, анын ичинде суу алдындагы изилдөөлөрдү жүргүзүүгө изилдөөчүдө (археолог-адисте) ушул Тартипте белгиленген чектерде белгилүү бир түрдөгү археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү укугуна уруксат - Ачык барак болгондо гана жол берилет. Археологиялык чалгындоолорду, казууларды жүргүзүү жана отчеттук документтерди түзүү боюнча нускама эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн артыкчылыктарынын бири тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөөгө комплекстүү мамиле болуп саналат, аларды жүргүзүү үчүн табигый-илимий профилдеги адистер (антропологдор, геофизиктер, топурак таануучулар, геологдор, геоморфологдор, палеоботаниктер, палеозоологдор жана башка адистер) тартылат.
5. Археологиялык талаа изилдөөлөрүнө, анын ичинде суу алдындагы изилдөөлөрдү жетектөө атайын даярдыгы бар, археологиялык чалгындоолорду, археологиялык казууларды жүргүзүүнүн, эстеликтерди алгачкы консервациялоонун жана аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчет түрүндө жыйынтыктарды белгилөөнүн заманбап методдорун билген изилдөөчүлөр (адистер) тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Ачык баракты алган адис археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн аткарылышынын сапаты, археологиялык казуулардан кийин тарыхый-маданий мурас объектин консервациялоо боюнча чараларды көрүү, чогултулган материалды лабораториялык иштетүү жана илимий талдоо (камералык иштетүү), аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчетту өз убагында берүү жана анын сапаты, ошондой эле табылган маданий баалуулуктарды андан ары изилдөө жана сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемелерине өткөрүп берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Жеке да, ошондой эле юридикалык жактар да археологиялык талаа жумуштарынын заказчылары боло алат.
Археологиялык талаа жумуштарынын заказчысы археологиялык талаа жумуштарын комплекстүү уюштуруу (пландоо, иштерди жүргүзүү шарттарын түзүү, консервациялоо жана реставрациялоо иштери, камералык иштетүү, маданий баалуулуктарды мамлекеттик музей мекемесине өткөрүп берүү, илимий отчет түзүү) үчүн толук финансылык жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
8. Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жетектөөнү башка адамга ишенип өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Ачык баракты кармоочу иштин максаттарына, көлөмүнө жана археологиялык талаа изилдөөлөрү жүргүзүлө турган аймактын масштабына жараша изилдөөлөрдө дисциплиналар аралык мамилени колдонуу үчүн археолог-адистерден, анын ичинде чет өлкөлүк адистерден (археологдордон) жана башка адистерден турган топту түзө алат.
Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдө Ачык баракты кармоочу иштин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде алар жүргүзүлүүчү жерден кетпестен аларды түздөн түз жетектөөгө милдеттүү.
9. Талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринде бузулуулардын же болбосо жеке же юридикалык жактар тарабынан бузулууга алып келүүчү аракеттердин мурда белгиленбеген издери аныкталган учурда Ачык баракты кармоочу жана/же аймактык маданият органдары укук коргоо органдарына токтоосуз арыз берүүгө жана бул жөнүндө эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ошондой эле аймагында аталган изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик администрацияга маалымдоого милдеттүү.
10. Археологиялык чалгындоолордун жүрүшүндө мурда белгисиз болгон тарыхый-маданий мурас объекти табылган учурда Ачык баракты кармоочу ал табылгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга, аймактык маданият органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ошондой эле аймагында тарыхый-маданий мурас объекти табылган жергиликтүү мамлекеттик администрацияга аны мамлекеттик эсепке алууга коюу үчүн жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
11. Археологиялык талаа изилдөөлөрү аяктагандан кийин Ачык баракты кармоочу эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчет берүүгө милдеттүү.
12. Археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө табылган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттери археологиялык талаа жумуштары аяктагандан кийин бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемелерине андан ары изилдөөгө жана сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Табылган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекти мамлекеттик музей мекемесине өткөрүлүп берилген учурга чейин заказчы жана адис (археолог) алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Археологиялык казуулардын натыйжасында алынган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынат.