Загрузка документа…
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине
караштуу “Кыргызкоргоосервис” мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы", "Кыргыз курал" жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканаларынын укугун улантуучу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Аскер Сервис" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КМ "АС" МИ";
- расмий тилде: "ГП "АС" при МО КР".
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иштейт. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Ишкананын Оштогу филиалы бар.
Ишкананын Оштогу филиалынын юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 100.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кустанай көчөсү, 117.
13. Ишкана төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана мамлекеттик башкаруу органынын кызматкерлерин пландуу соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу, гарнизондорго, аскер шаарчаларына, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерге (анын ичинде талаа шарттарында) жайгаштырууда алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү, аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин ишин тартипке салуу, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин аракеттерин координациялоого көмөктөшүү.
Ишкана аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды ишке ашырууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрүн камсыз кылуу үчүн курал-жарак, аскердик техника, ок атуучу курал, ок-дарылар, аскердик-техникалык мүлк жана жабдуулар жаатындагы мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик ички сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)