Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 19-сентябры № 592

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине

караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине

караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын

маселелери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 205 “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, түшүүлөрдү салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси болуп;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы болуп.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы 4-тиркемеге ылайык.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп саналат деп.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 “Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмодо:

– жогоруда аталган Колдонмонун тиркемесинде:

11–16, 19, 22, 24, 25-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 33, 34-главалар менен толукталсын:

“

33. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы

204

Калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

 

205

Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка

тиричилик буюмдарын пробалоо, талдоо жана эн тамга басуу

үчүн жыйымдар

206

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана

күтүүгө чегерүүлөр

207

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар

 

208

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана

жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйым

209

Айыптар жана туумдар

210

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым

211

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка

салыктык эмес кирешелер

34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

212

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

213

Аныкталган контрабанданы сатуудан түшкөн кирешелер

214

Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү

сатуудан түшкөн кирешелер

215

Кызматтык-издөө иттерин сатуудан түшкөн кирешелер

216

Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар

217

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн

түшүүлөр

218

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз

Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз

Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына

ылайык алынуучу бажы төлөмдөрү, атайын демпингге каршы,

компенсациялык алымдар

219

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар

 

”.