Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 592
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын
маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 721, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 205 “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, түшүүлөрдү салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы болуп.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы 4-тиркемеге ылайык.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп саналат деп.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: