Сравнение редакций…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/44
Жайыт жерлерин өткөрүү жана тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, 2024-жылдын 28-августунда “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Бербаевдин №01-04/23 кайрылусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айылдык аймактардын деңгээлинде администрациялык-аймактык реформага камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн карамагындагы Жайыт жерлери “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт жерлеринин тарифтик баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- ири мүйүздүү малга жылына – 150 сом;
- майда жандыкка жылына – 30 сом;
- сырттан келген малга бир башка 3 эсе көбөйтүлгөн баада;
- башка максаттар үчүн (туризм, эс алууга ж.б.) – 1 сотых жерге 200-250 сом;
- унаа токтотуучу жай үчүн ар бирине – 150 сом.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/44
Жайыт жерлерин өткөрүү жана тарифин бекитүү жөнүндө
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/48 токтомунун редакциясына ылайык)