Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 160 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-октябры № 668

Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 506

“Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды,

жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз

Республикасынын аймагынан ташып чыгууга

убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө”

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 506 “Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

− 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“– аба жолу менен ташып чыгарылуучу жылкыларды.”.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.