Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 токтомуна)
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын укуктук статусун, максаттарын, милдеттерин, ишинин уюштуруучулук негиздерин, башкаруу, каржылоо, кайра уюштуруу жана жоюу тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасында балдарга кошумча билим берүү системасындагы билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат.
2. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин регламенттеген билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) балдарга кошумча билим берүү - эркин тандоого негизделген жана жалпы билим берүү уюмдарында окуудан бош убагында балдардын кызыкчылыктарын, рухий керектөөлөрүн жана кесибин аныктоо муктаждыктарын кыйла толук канааттандырууга багытталган формалдуу эмес билим берүүнүн түрү;
2) балдар үчүн кошумча билим берүү программалары - балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу ар кандай багыттагы (маданий-эстетикалык, табигый-илимий, туристтик-аймак таануу, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка) билим берүү программалары;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму - балдардын кызыкчылыктарын, чыгармачылык жөндөмдөрүн, шыктарын өнүктүрүүгө жана социалдаштырууга багытталган кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмунун тиби;
4) билим алуучунун туруктуу курамы - окуу жылына балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмуна кирген, ошол уюмда билим алуучулардын негизги контингентин түзгөн адамдар;
5) билим алуучулардын убактылуу курамы - убактылуу, кыска мөөнөттүү же эпизоддук негизде билим берүү процессине катышкан адамдар;
6) билим берүү процессин уюштуруунун формалары - ийримдер, секциялар, клубдар, студиялар, устаканалар, машыгуулар, чыгармачыл бирикмелер, курстар жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында каралган башка формалар;
7) ийрим - чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн балдарды кызыкчылыктар боюнча бириктирген жамаат;
8) чакан топтор - бул кызыкчылыктар боюнча уюштурулган жана катышуучулардын аз саны менен айырмаланган (5-6 бала) балдардын тобу;
9) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарына бирикмелерди комплекттөө - балдардын жашын, даярдык деңгээлин, кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда балдар бирикмелерин түзүү процесси;
10) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмундагы балдар бирикмеси - кызыкчылыктар, кошумча билим берүү программасынын багыты же жаш курагы боюнча бириккен, ийрим, секция, студия, клуб, устакана же билим берүү процессин башка уюштуруу формасында кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн билим алуучулардын түзүмдүк тобу;
11) ыйгарым укуктуу орган - мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Балдарга кошумча билим берүү маданий-эстетикалык, табигый-илимий, туристтик-аймак таануу, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка багыттагы кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары (мектептен тышкаркы уюмдар, борборлор, комплекстер, базалар, клубдар, станциялар, мектеп окуучуларынын сарайлары ж.б.), ошондой эле ар кандай менчиктин формасындагы билим берүү уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бул Жобо балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана балдарга кошумча билим берүүнүн жеке менчик формасындагы билим берүү уюмдары үчүн үлгүлүү болуп саналат.
6. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Жобого жана ошол билим берүү уюмунун уставына ылайык жүзөгө ашырат.