Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун
2026-жылдын 9-сентябрындагы № 93 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 56 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) көзөмөлдөө-текшерүү тобунун (мындан ары - КТТ) милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын, уюштуруу жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
3. КТТ талапкерлердин, саясий партиялардын, референдум фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин, ошондой эле алардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн түзүлөт.
4. КТТ шайлоолорду жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) алдында түзүлөт.
5. КТТ ачыктык, мыйзамдуулук, калыстык принциптеринде иш алып барат.
6. КТТ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана башка актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. КТТнын ишин уюштуруу, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
8. КТТнын ишин каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери
9. КТТнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- талапкерлердин, саясий партиялардын, референдумдун фонддорун, шайлоо фонддорун, акча каражаттарынын келип түшүү булактарын жана пайдаланышын, талапкерлердин, саясий партиялардын жана референдумга "макул" же "каршы" топтордун финансылык отчетторунун туура эсепке алынышын жана текшерилишин контролдоо;
-.талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдумдун фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө жана өз ишинин натыйжалары жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун функциялары
10. КТТ милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар, "макул" же "каршы" топтор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү, шайлоо кампанияларын жана референдум кампанияларын каржылоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын сакташын текшерүүнү;
- талапкерлердин, саясий партиялардын, "макул" же "каршы" топтордун шайлоо фонддорунун банктык же башка мекемелер тарабынан берилген атайын эсептеринде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды (билдирүүлөрдү) чогултуу жана талдоону;
- талапкерлердин, саясий партиялардын, "макул" же "каршы" топтордун шайлоо фонддорунун жана референдумдун фонддорунун атайын эсептеринде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторун текшерүү жана алардын баштапкы финансылык документтерге шайкештигин белгилөөнү;
- талапкерлер, саясий партиялар, "макул" же "каршы" топтор тарабынан шайлоолор, референдум аяктагандан кийин тиешелүү фонддордун чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарын кайтарып берүүнү контролдоону;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо төгүмдөрүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине келип түшүүсүнүн жана алардын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулушунун тууралыгын текшерүүнү;
- шайлоо кампанияларын, референдумдун кампанияларын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, банктарда жана башка кредиттик-финансылык мекемелерде текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;
- шайлоолорду, референдумду каржылоо маселелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын, ошондой эле шайлоо кампанияларын жана референдум кампанияларын иштеп чыгууга катышууну;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдумдун фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоону;
- шайлоолорду, референдумду, ошондой эле шайлоо кампанияларын жана референдум кампанияларын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароону;
- шайлоолорду, референдумду каржылоо маселелери боюнча бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына, ошондой эле талапкерлерге, саясий партияларга, "макул" же "каршы" топторго шайлоо жана референдум кампанияларын каржылоо жана алардын финансылык отчетторун даярдоо маселелери боюнча усулдук жардам көрсөтүүнү;
- талапкерлердин, саясий партиялардын, референдумдун фонддоруна "макул" же "каршы" топтордун шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды (билдирүүлөрдү), көрсөтүлгөн фонддордун финансылык отчетторун жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка маалымат булактарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоону.