Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 20-августундагы № 64 токтомуна тиркеме
Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасында референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иш тартибин аныктайт.
2. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу - шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам аракет көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымат жеткирүү максатында шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түзүлөт.
3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу өз ишин мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
2. Ыкчам чара көрүү координациялык топту түзүүнүн тартиби
5. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын деңгээлинде ыкчам чара көрүү координациялык топтору түзүлөт. Алардын курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын (укук коргоо органдары) өкүлдөрү кирет.
6. Укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасында референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча ыкчам чара көрүү координациялык тобунун курамына киргизүү үчүн өз өкүлдөрүнүн тизмесин шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен жөнөтүшөт. Координациялык топтордун курамына тиешелүү (борбордук, облустук, райондук, шаардык) деңгээлдеги органдардын жетекчилери жана кызматкерлери кириши керек.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын деңгээлинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын деңгээлинде тиешелүү шайлоо комиссияларынын чечими менен бекитилет.
3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун милдеттери
8. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырат:
- шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин кайрылууларын жана арыздарын (даттанууларын), ЖМКнын жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрүн кабыл алуу, талдоо жана ыкчам чара көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттерин координациялоо;
- кайрылууларда жана арыздарда (даттанууларда) баяндалган шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылардын аныктыгын текшерүү жана ыкчам чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтарды жөнөтүү;
- шайлоо күнү мыйзам бузуулар жана алар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга өз убагында тиешелүү маалыматты жеткирүү;
- жарандардын шайлоо укуктарын бузуу жана/же шайлоо комиссияларынын ишине жолтоо болгон аракеттерди токтотуу, ошондой эле коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө ыйгарым укуктарынын чегинде сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун ишин уюштуруу
9. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси болуп тиешелүү деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын мүчөсү саналат. Жетекчи, координациялык топтун мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, анын оозеки же жазуу жүзүндөгү тапшырмалары топтун бардык мүчөлөрү, ошондой эле келишимдик негизде тартылган адистер үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
10. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун мүчөлөрү бирдей укукка жана милдеттерге ээ. Чечимдер координациялык топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11. Эксперттик жана аналитикалык ишти алып баруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте адистер тартылат. Маалыматтык-документациялык жүгүртүүнү камсыз кылуу үчүн катчы дайындалат.
12. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жумушу шайлоо комиссияларында уюштурулат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл болгон материалдык-техникалык жана коммуникациялык көмөктөшүүнү камсыздайт.
13. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу тиешелүү шайлоо комиссиясы менен биргеликте жарандардын кайрылууларынын, ошондой эле маалыматтын келип түшүү жолдорунун жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзөт жана үзгүлтүксүз маалыматтык иш-чараларды өткөрүп турат.