Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтомуна тиркеме
Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге, шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
3. Ушул Жобонун ченемдери Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого, референдумду өткөрүүдө даярдык көрүүгө колдонулат жана жайылтылат.
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен шайлоо жана шайлануу укуктарын ишке ашырышат.
Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.
Президентти шайлоодо жана референдумда Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар, референдумдун катышуучулары бирдиктүү республикалык шайлоо округуна киргизилген болуп деп эсептелет.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргɵн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округдарына таандык кылынат.
5. Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону, референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана консулдук (убактылуу консулдук) каттоодон жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери түзөт, тышкы иштер маселелери боюнча мамлекеттик орган (мындан ары - Тышкы иштер министрлиги) аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан шайлоо участкаларына орнотуу үчүн зарыл болгон шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулардын санын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берет.
Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күн сайын консулдук (убактылуу консулдук) каттоодон жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына берип турат.
Добуш берүү күнүнө 15 календардык күн калганда Тышкы иштер министрлиги ушул пунктта көрсөтүлгөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүүнү токтотот.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу каттоо жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар үчүн жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында аралыктан добуш берүү тартиби колдонулушу мүмкүн. Бул тартип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган жарандар шайлоого укуксуз.
7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча аккредиттөөчү өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында түзүлгөн шайлоо участкаларында добуш беришет.
71. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топ түзүүгө укуктуу.
Жумушчу топтун ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.