Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы № 29-9/5
Каракол шаарынын кыймылсыз мʏлкʏ жана имараттары менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри К.М.Адиевдин, 2025-жылдын 24-июлундагы, чыг:№01-17-3108, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагынын Ильич №2б дарегинде жайгашкан кыймылсыз мʏлкʏ жана имараттары менен жалпы аянты 21102,5 м2жер тилкесин, муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаарчасынын Ильич №2б дарегинде жайгашкан кыймылсыз мʏлкʏ жана имараттары менен жалпы аянты 21102,5 м2 жер тилкесин, муниципалдык менчикке кабыл алууда бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык алып барсын.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык, бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Б.Ш. Курманов