Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ЩШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы № 29-9/6
Административдик имарат куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Т.Каадаевдин, 2025-жылдын 28-июлундагы, чыг:№01-17-3190, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бѳлʏмʏнѳ, Каракол шаарынын Жамансариев №163/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1184,3 м2жер тилкесин административдик имарат куруу ʏчʏн бѳлʏп берʏʏгѳ уруксаат берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, жалпы аянты 1184,3 м2 жер тилкесин ѳткѳрʏп берʏʏ боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык алып барсын.
3. Эгерде, административдик имарат бир жылдын ичинде башталып, ʏч жылда бʏтпѳсѳ, жалпы аянты 1184,3 м2 жер тилкеси, бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдарына ылайык, кайтарылат.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык, бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Б.Ш. Курманов