Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна тиркеме
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобонун максаты айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
- добуш берүү күнү социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде жүргөн шайлоочулар;
- чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- кылмыш жасоого шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган жайларда камакка алынган жерлерде турган шайлоочулар;
- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо, ыраакы мал чарба участкаларында жайгашкан жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулар;
- ишкана-мекемелерде үзгүлтүксүз иштеген шайлоочулар;
- вахталык ыкмада иштеген шайлоочулар.
3. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына (мындан ары - УШК) өткөрүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын так саны жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) берип турууга милдеттүү. Маалыматтарды берүүнүн формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
4. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) менен биргеликте айрым категориядагы жарандарга тиешелүү шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды тактоо боюнча ишти координациялайт, аларды маалымдоо боюнча ишти уюштурат жана алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
5. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик) тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен бирдикте айрым категорияга кирген жарандарды биометрикалык каттоо, аларды шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) киргизүү, зарылчылык болсо алардын инсандыгын тастыктоочу документтер менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
6. Ар бир шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактай алат:
- 1255 же 119 кыска номерлери боюнча чалуу менен;
- шайлоо участкадан;
- "tizme.gov.kg" сайтынан;
- же болбосо паспортундагы өзүнүн ЖИН - көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жиберүү аркылуу. Натыйжада шайлоочу өзүнүн шайлоо участкасынын номерин жана дарегин алат (СМС билдирүү жиберүү жана чалуулар акысыз).
Шайлоочу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай болбосун катаны же так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда тиешелүү УШКга, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Мында шайлоочу жеке жана биометрикалык маалыматтары (манжаларынын издери жана (же) бетинин геометриясы) боюнча идентификациялоодон өтөт.
Арыз автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан "шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында жөнөтүлөт.
КР Борборшайлоокомунун 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 101 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна тиркеме |
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор