Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын
2025-жылдын 1-августундагы
№ 51 токтомуна тиркеме
"Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 19, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Шайлоочунун кабинетинде авторлоштуруу үчүн талаптар
3. Электрондук форматта арыздарды берүүнүн тартиби
4. Электрондук форматтагы арыздарды иштеп чыгуунун тартиби
5. Шайлоочунун кабинетинин иштеп турушун жана коопсуздугун камсыздоо
6-бөлүм. Корутунду жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын арыздарды электрондук форматта берүүсүнүн, аларды кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Шайлоочунун кабинети" сервиси (мындан ары - Шайлоочунун кабинети) шайлоочулардын тизмесинде жана референдумдун катышуучуларынын тизмесинде (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) каталар же так эместиктер тууралуу электрондук форматта шайлоочулардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жолу менен жарандардын активдүү шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын кеңейтүүгө арналган, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) санариптик инфратүзүмүнүн компоненти болуп саналган Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы менен интеграцияланган сервис.
4. Шайлоочунун кабинети мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоочунун кабинети” сервисинин укук ээси жана кармоочусу болуп саналат.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
авторлоштуруу - Шайлоочунун кабинетине шайлоочунун кирүү укугун текшерүүнүн жол-жоболору;
аутентификациялоо - шайлоочулар тууралуу маалыматтарды, анын ичинде шайлоочу киргизген идентификаторго анын таандуулугун электрондук колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен текшерүү, ошондой эле идентификатордун аныктыгын тастыктоо жол жоболору;
бирдиктүү идентификациялоо системасы - шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу шайлоочулардын арыздарын электрондук форматта берүүсү үчүн Шайлоочунун кабинетинде тийиштүү идентификациялоону, аутентификациялоону, авторлоштурууну жана ага кирүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик ресурс;
идентификациялоо - шайлоочунун маалыматтарын текшерүү жол жобосу, анын ичинде квалификациялуу электрондук кол тамгаларды текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын колдонуу менен, бирдиктүү идентификациялоо тутумуна киргизилген шайлоочунун идентификаторун тиешелүү базалык маалыматтык ресурста камтылган шайлоочу жөнүндө маалыматтар менен салыштыруу аркылуу же шайлоочунун инсандыгын биометрикалык маалыматтары боюнча - беттин геометриясы боюнча тирүүлүгүн текшерүү менен (Face ID Liveness);
шайлоочу - 18 жашка толгон, жигердүү шайлоо укугу бар, белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны;
квалификацияланган электрондук колтамга - квалификациялык сертификатта көрсөтүлгөн текшерүү ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган электрондук колтамга, аны түзүү жана текшерүү үчүн "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык ырастама алган электрондук колтамганын каражаттары;
санариптик кол тамга - санариптик символу бар ээси жөнүндө керектүү маалыматтар камтылган электрондук форматтагы өзү түшүргөн колтамганын аналогу;
системалык администратор - тийиштүү, аймактык шайлоо комиссиясындагы (мындан ары -, АШК) Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкери.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсү:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 6-пункттун текстинде “бул” деген сөз жок