Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтомуна тиркеме
"Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын арыздарды электрондук форматта берүүсүнүн, аларды кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Шайлоочунун кабинети" сервиси (мындан ары - Шайлоочунун кабинети) шайлоочулардын тизмесинде жана референдумдун катышуучуларынын тизмесинде (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) каталар же так эместиктер тууралуу электрондук форматта шайлоочулардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жолу менен жарандардын активдүү шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын кеңейтүүгө арналган, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) санариптик инфратүзүмүнүн компоненти болуп саналган Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы менен интеграцияланган сервис.
4. Шайлоочунун кабинети мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт.
5. Шайлоочунун кабинетинин укук ээси, кармоочусу жана техникалык оператору болуп Борбордук шайлоо комиссиясы саналат.
6. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
авторлоштуруу - Шайлоочунун кабинетине шайлоочунун кирүү укугун текшерүүнүн жол-жоболору;
аутентификациялоо - шайлоочулар тууралуу маалыматтарды, анын ичинде шайлоочу киргизген идентификаторго анын таандуулугун электрондук колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен текшерүү, ошондой эле идентификатордун аныктыгын тастыктоо жол жоболору;
бирдиктүү идентификациялоо системасы - шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу шайлоочулардын арыздарын электрондук форматта берүүсү үчүн Шайлоочунун кабинетинде тийиштүү идентификациялоону, аутентификациялоону, авторлоштурууну жана ага кирүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик ресурс;
идентификациялоо - шайлоочунун маалыматтарын текшерүү жол жобосу, анын ичинде квалификациялуу электрондук кол тамгаларды текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын колдонуу менен, бирдиктүү идентификациялоо тутумуна киргизилген шайлоочунун идентификаторун тиешелүү базалык маалыматтык ресурста камтылган шайлоочу жөнүндө маалыматтар менен салыштыруу аркылуу же шайлоочунун инсандыгын биометрикалык маалыматтары боюнча - беттин геометриясы боюнча тирүүлүгүн текшерүү менен (Face ID Liveness);
шайлоочу - 18 жашка толгон, жигердүү шайлоо укугу бар, белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны;
квалификацияланган электрондук колтамга - квалификациялык сертификатта көрсөтүлгөн текшерүү ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган электрондук колтамга, аны түзүү жана текшерүү үчүн "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык ырастама алган электрондук колтамганын каражаттары;
булуттук электрондук колтамга (БЭК) - санариптик символу бар ээси жөнүндө керектүү маалыматтар камтылган электрондук форматтагы өзү түшүргөн колтамганын аналогу;
системалык администратор - тийиштүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы (мындан ары - ОШК, АШК) Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкери.
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын
2025-жылдын 1-августундагы
№ 51 токтомуна тиркеме
"Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 19, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Шайлоочунун кабинетинде авторлоштуруу үчүн талаптар
3. Электрондук форматта арыздарды берүүнүн тартиби
4. Электрондук форматтагы арыздарды иштеп чыгуунун тартиби
5. Шайлоочунун кабинетинин иштеп турушун жана коопсуздугун камсыздоо