Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №16
«Манас шаардык депутаттар кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө»
Манас шаардык депутаттар кеӊешинин “Жаӊы Кыргызстан”, “Адилет” жана “Эмгек” фракцияларынын сунушун эске алуу менен, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 03.09.2025-жылдагы кезексиз XIII сессиясынын №3-токтомунун №1-тиркемеси жокко чыгарылсын.
2. Манас шаардык депутаттар кеңешинин эки туруктуу комиссиясынын ишмердүүлүгү биригип, төмөндөгүдөй аталышта аталсын: “Курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы”.
3. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин туруктуу комиссияларынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |