Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 53 токтомуна тиркеме
Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоо маалыматтык тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартибин аныктайт, ошондой эле шайлоолорду, референдумду даярдап өткөрүүдө Шайлоо маалыматтык тутумун (мындан ары - ШМТ) пайдаланууда, аны эксплуатациялоодо жана өнүктүрүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, маалыматташтыруу жаатында жана мамлекеттик органдардын маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ШМТ пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук актылары ШМТ пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн укуктук негизи болуп саналат.
2. ШМТ пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги максаттары жана принциптери
3. ШМТ төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ишинин айкындуулугун;
- шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын шайлоонун жана референдумдун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө ыкчам маалымдоону;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, башка адамдардын жана уюмдардын, шайлоо мыйзамдарына ылайык ШМТдагы маалыматтык процесстерине кийлигишүүсүнө жол берилбестигин;
- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө ШМТти милдеттүү түрдө колдонууну, бул максаттар үчүн ШМТнын ордуна жана андан тышкары башка автоматташтырылган системаларды жана маалыматтык технологияларды пайдаланууга жол берилбестигин;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык ШМТтин маалыматтык ресурстарында камтылган маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү менен айкалышта ШМТтин маалыматтык коопсуздугун;
- алынган маалыматтын ишенимдүүлүгүн;
- ШМТ колдонбогон башка маалыматтык системаларга жана байланыш тармактарына кошууга шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ШМТти байланыштырууга жана пайдаланууга жол берилбестигин.
3. Шайлоо маалыматтык тутумунун түзүмү
4. ШМТнын түзүмү шайлоо комиссияларынын тутумуна ылайык келет.
5. ШМТнын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси (ШМТнын Борбордук деңгээли);
- АШК үчүн ШМТнын программалык камсыздоосу;
- УШКнын АЭУ комплекси.
6. ШМТ курамын өзгөртүү (толуктоо, модернизациялоо же айрым бөлүктөрүн, элементтерин алмаштыруу жана башка өзгөртүүлөр) МКТБнын сунушу боюнча ШМТтин бүтүндүгүн, коопсуздугун жана иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоо шартын эске алуу менен ишке ашырылат.
§ 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплексинин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары тууралуу маалыматты чогултуу, сактоо, берүү жана чагылдыруу функцияларын аткарган ШМТнын программалык камсыздоосу;
- АЭУдан Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук деңгээлине маалыматтарды берүү үчүн корголгон байланыш каналдары;
- ШМТнын программалык камсыздоосун жайгаштыруу (орнотуу) жана иштетүү, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жабдуулар комплекси жана сервердик жабдуулар.
8. ШМТ уюштуруучулук, техникалык, маалыматтык, методикалык жана башка камсыздоону МКТБ ишке ашырат.
9. ШМТнын маалыматтык коопсуздугун МКТБ камсыз кылат.
§ 2. АШК ШМТ программалык камсыздоосу
10. АШКларга маалыматтарды киргизүү үчүн ШМТнын төмөнкүдөй программалык камсыздоосу колдонулат:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордо талапкерлер жана саясий партиялар боюнча маалыматтарды;
- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун маалыматтары.
11. АШК үчүн ШМТнын программалык камсыздоосун колдонууга тиешелүү АШКнын системдик администратору жооптуу болуп саналат.
12. АШКда ШМТнын маалыматтык коопсуздугу тиешелүү АШКнын системдик администратору тарабынан камсыз кылынат.
13. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү учурунда АШКнын системдик администратору ШМТнын Регламентинин талаптарын так сактоого жана анын нускамаларын аткарууга милдеттүү.
14. АШКнын системдик администратору башка адамдарга төмөнкүлөрдү берүүгө тыюу салынат:
- ШМТнын программалык камсыздоосуна кирүү үчүн маалыматтар;
- ШМТнын программалык камсыздоосу жайгашкан жайга кирүү.