Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтомуна тиркеме
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) маалыматтардын корголушун жана сакталышын, ошондой эле башка маалыматтык системалар жана сервистер менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу менен, мамлекеттик маалыматтык системаны пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, жүргүзүү, иштетүү, актуалдаштыруу, жаңыртуу жана эсепке алуу тартибин жөнгө салат.
2. Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жободо төмөнкү терминдер жана кыскартуулар колдонулат:
Шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү (идентификациялык карта (ID), жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык паспорт, кызматтык паспорт, "Түндүк" тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспорт);
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму (ШЭБТ) - Кыргыз Республикасында шайлоолор аралыгындагы мезгилде жана шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулар) тууралуу маалыматтарды түзүү, системалаштыруу, иштетүү, сактоо жана актуалдаштыруу, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) түзүү, статистиканы жана отчётторду түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого жана референдумдарга катышууга болгон шайлоо укуктарына кепилдиктерди камсыздоо максатында ишке ашырылуучу мамлекеттик маалыматтык тутум;
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштетүү, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;
Шайлоочулар - шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;
Дарек - шайлоочунун туруктуу катталган жери болуп саналган, шайлоо округу жана шайлоо участогу аныкталган дареги;
Шайлоо дареги - "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте билдирилген, шайлоочунун туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок ал добуш бергиси келгенин билдирген дареги;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу көп мандаттуу шайлоо округу - Жогорку Кеңештин үч депутаты шайлана турган, ошол эле учурда шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере турган шайлоо округу;
Бирдиктүү республикалык шайлоо округу - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыган Президентти шайлоо боюнча шайлоо округу;
Жергиликтүү (айылдык) кеңештердин депутаттарын шайлоодогу көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайлана турган жана алардын ар бири үчүн шайлоочулар жеке добуш бере турган шайлоо округу;
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу бирдиктүү шайлоо округу - пропорционалдык система боюнча шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлө турган административдик-аймактык бирдиктин - шаардын бүткүл аймагын камтыган шайлоо округу;
Шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары - шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке идентификациялык номерин, фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, туруктуу жашаган жеринин дарегин камтыган, шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтеги электрондук чипте көрсөтүлгөн/жазылган маалыматтар;
Туруктуу жашаган жери - жашаган жеринин дарегин каттоо же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилген жарандын паспортундагы каттоо белгиси менен тастыкталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери;
Шайлоочулардын тизмеси - Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, даяр болуу деңгээлине жана арналышына жараша алдын ала, контролдук жана биротоло бүткөн болуп бөлүнүүчү, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар кандай формаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар;
Шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген негиздер боюнча жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, андан чыгаруу, шайлоочулар тууралуу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо) - тиешелүү айыл аймагынын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү паспорттун чибинде жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндөгү белги менен же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 60 күндөн кем эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегинин каттоосу менен аныкталат;
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо) - көп мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү паспорттун чибинде жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндөгү белги менен же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегинин каттоосу менен аныкталат;
Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
Борбордук шайлоо комиссиясы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
ОШК - округдук шайлоо комиссиясы;
АШК - аймактык шайлоо комиссиясы;
УШК - участкалык шайлоо комиссиясы;
ЖИН - жеке идентификациялык номер;
Аты-жөнү - фамилиясы, аты, атасынын аты.
4. Шайлоочулар, референдумдун катышуучулары жөнүндө маалыматтар ШЭБТда калктын реестринен автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен алынган маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар кандай формаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.
5. Шайлоочулардын тизмеси мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө бүткүл республика боюнча шайлоо участоктору боюнча электрондук тизме түрүндө түзүлөт жана жаңыланат:
- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо мезгилинде - күн сайын;
- шайлоолор аралыгындагы мезгилде - ай сайын.
Электрондук тизмедеги ар бир жазуунун уникалдуу иреттик номери бар.
6. ШЭБТда камтылган шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарга өзгөртүүлөр калктын реестринде камтылган маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун ар кандай формаларын жүргүзүүчү башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде киргизилет.
ШЭБТде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө себеби, тиешелүү жазуунун уникалдуу иреттик номери көрсөтүлөт, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган аракеттер жөнүндө маалыматтын сакталышы камсыз кылынат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматтардын кагаз нускасы кийинки шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин сакталат.
7. ШЭБТде ар бир шайлоочуга карата ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлгөн шайлоочулардын төмөнкү жеке маалыматтарынын жыйындысын камтыган бир гана туруктуу жазуу түзүлөт:
- ЖИН;
- аты-жөнү;
- туулган датасы;
- туруктуу жашаган жери - жашаган жеринин дарегинин каттоосу же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилген жарандын паспортундагы каттоо белгиси менен тастыкталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери.
8. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жана бирдиктүү республикалык шайлоо округу боюнча референдумдагы шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган/жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өткөн, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн, кылмыштарды жасоого шектелүүчү жана/же айыпталуучу катары кармоочу жайларда турган шайлоочуларды, аскер бөлүктөрү жайгашкан чектерде жашаган, стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде жүргөн аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.