Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) АЖО - операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү автоматтык режимде түзүүгө жана финансылык чалгындоо органына жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген программалык камсыздоо;
2) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
3) финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) типтүү формалар - Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар толтурууга арналган атайын типтүү формалар;
5) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар;
6) жеке кабинет - маалыматтык ресурс, ал финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат, пайдалануучулардын финансылык чалгындоо органы менен электрондук жана маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
7) корголгон байланыш каналы - бул Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды электрондук түрдө берүү учурунда анын купуялуулугун, бүтүндүгүн, тараптардын аныктыгын ырастоону жана жөнөтүү/кабыл алуу фактысынан баш тартуунун мүмкүн эместигин камсыз кылуучу программалык-техникалык каражаттардын жана уюштуруучулук чаралардын жыйындысы.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
2-глава. Маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби
3. Финансылык чалгындоо органы өз функцияларын аткаруунун алкагында мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сотторго, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга (мындан ары - суралуучу тарап) суралуучу тарапта бар болгон зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет.
4. Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптары электрондук же кагаз түрүндө жиберилиши мүмкүн (мындан ары - электрондук суроо-талап же кагаз жүзүндөгү суроо-талап).
5. Финансылык чалгындоо органынын электрондук суроо-талаптары байланыштын электрондук каналдары боюнча жиберилет жана финансылык чалгындоо органынын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлат.