Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартибин, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жеткиликтүүлүктү берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операция (бүтүм) жасоого же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ажыратууга жана которууга тыюу салуу;
2) кардар - финансылык мекемеде же финансылык эмес категориядагы жактарда тейлөөгө алынган же тейлөөдө турган же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкердик мамилелерди түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
3) операциялар (бүтүмдөр) - жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн каражаттар менен жасалган ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) токтото туруу - каражаттар менен шектүү операцияны (бүтүмдү) жасоого убактылуу тыюу салуу;
6) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
- эгерде каражаттар кылмыш жолу менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
- эгерде каражаттар террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду), террористтик жана экстремисттик ишти, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо менен байланышкан деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
7) бошотуу - каражаттар менен операцияны (бүтүмдү) жасоого же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ажыратууга жана которууга тыюу салууну жокко чыгаруу;
8) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;
9) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко же коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
10) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;