Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү, жаңылоо, сактоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) юридикалык жактын бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жакты контролдогон жеке жак (жеке жактар), чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү);
2) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) коомдук кызмат адамдары - төмөнкү жеке жактардын бири:
- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
- улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
- эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
4) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Юридикалык жактын бенефициардык ээсин белгилөө тартиби
3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтардын негизинде ушул Жобонун 17-пунктунда каралган маалыматтарды толтуруу, анын ичинде электрондук форматта толтуруу жолу менен өз бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды түзөт.
Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат ал түзүлгөн датадан тартып ушул юридикалык жак катталган (жайгашкан) жерде беш жылдан кем эмес сакталат.
4. Эгерде юридикалык жактын уюштуруучусу же катышуучулары бир же бир нече башка юридикалык жак болуп саналса, юридикалык жак акыркы бенефициардык ээсин белгилөө үчүн акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрөт.