Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

13-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна)

 

Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тизмегин, кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибин, анын ичинде эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.

2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) эл аралык суроо-талап - кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын маалымат же документтер менен алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жөнүндө суроо-талабы;

2) эл аралык кызматташтык - кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосундагы маалымат же документтер менен алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча кызматташтык;

3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);

4) контролунда турган жактар - Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдарынын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;

5) өз ара пайдалуу принцип - ага ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу негизде жана ар бир тараптын эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттемесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырган эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби;

6) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:

- акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;

- экономикалык ресурстар, анын ичинде мунай жана башка жаратылыш ресурстары;

- сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);

- жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же инструменттер;

- банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү банк кредиттери жана акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;

7) максаттуу финансылык санкциялар - кылмыштуу ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү (түз же кыйыр) чектөө.

3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жобонун 2-пунктунда аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.

4. Эл аралык кызматташтык эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими) жана Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен эл аралык келишими жок болгон учурда эл аралык кызматташтык өз ара пайдалуу принципте, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз ара пайдалуу принципте эл аралык суроо-талапты чет мамлекеттин компетенттүү органына жиберүүдө суралуучу тарапка келечекте анын эл аралык суроо-талабын карап чыгууга жазуу жүзүндө кепилдик берет.

Сураган тарап өз ара пайдалуу принциптеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын эл аралык суроо-талабын келечекте кабыл алууга жана карап чыгууга жазуу жүзүндө кепилдик бергенде гана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз ара пайдалуу принциптеги чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабын карап чыгат.

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн кыйла натыйжалуу механизмдерди колдонот, зарыл болгон учурда чет мамлекеттердин кызыкдар компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу боюнча өз убагында жана белгиленген тартипте чараларды көрөт.

6. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат.

7. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары эл аралык суроо-талапты алганда же өз демилгеси боюнча маалыматтар жана документтер менен алмашат.

8. Мамлекеттик сырды (мамлекеттик сырларды) түзгөн маалыматтарды алмашуу тартиби, шарттары жана коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдери менен аныкталат.