Загрузка документа…
|
| 12-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59, 2026-жылдын 7-июлундагы № 463, 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) максатында кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жакын туугандары (ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, бир ата-энеден жана аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, аларга карата коомдук кызмат адамы алардын жашап турууга, билим алууга, саламаттык сактоого кеткен чыгашаларын жана башка зарыл чыгашаларын жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тартат);
2) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
3) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
4) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
5) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
6) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен иштиктүү мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
7) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
8) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
- эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланыштуу деп шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
- эгерде каражаттар террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду), террористтик жана экстремисттик ишти, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таркатуу менен байланыштуу деп шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
9) контролдо турган жактар - тиешелүү текшерүүчү органдын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
10) текшерүүчү органдар - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тиешелүү контролдо турган жактардын ишине текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;