Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 760
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына
караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук
курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун
ишинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жөнүндө” Жарлыгынын 3, 4-пункттарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92–94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун өткөрүп берүү актысын бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин (автомектептерди) лицензиялоо функциясын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
– Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
– Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби 4-тиркемеге ылайык;
– Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери 5-тиркемеге ылайык;
– Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери 6-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартиби 7-тиркемеге ылайык;
– Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
– Автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилеринде колдонулган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын жана облустарынын цифралык коддорунун тизмеги 10-тиркемеге ылайык.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине 11-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 12-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте:
– Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө электрондук паспортторду киргизүү маселелери боюнча чечимдерин ишке ашыруу жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын чечимдерине шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп;
– Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын) жана транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун тариздөөчү транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн өндүрүүчү уюмдардын реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын улуттук оператору болуп.
8. Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу эсепке алынган транспорт каражаттарына “регион” графасында “11” деген цифралар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилер берилет деп белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым чечимдерин өзгөртүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:
– 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ | ||
58 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор | Кызматтык күбөлүк Борбор лицензиялоону ишке ашыруучу иштин түрү менен иштөө укугуна лицензиялар Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк Трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын, түзүлүштүн жана жабдуулардын техникалык паспорту Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Тракторист-машинисттин күбөлүгү |
”. | ||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 760
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына
караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук
курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун
ишинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жөнүндө” Жарлыгынын 3, 4-пункттарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92–94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор деп кайра аталсын.