Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 8-декабры ПЖ № 351

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

– Иманкулов Марат Муканович, Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Джумагазиев Канат Сагынович, Утурбаева Мариякан Төлөгөновна чыгарылсын;

– Койчиев Арслан Капайович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы, Джантаев Эльчибек Нуржадыевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кенжебаев Аманкан Батырбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Осмонов Азамат Кыргызбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров