Редакцияот 17.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2025-жылдын 17-январы № 21

Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын

уставын бекитүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын Типтүү Уставынын, 2025-жылдын 14-январындагы Миң-Булак айыл аймагынын тургундарынын коомдук угууларынын протоколунун негизинде, айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана Миң-Булак айыл аймагынын туруктуу комисиясынын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.  Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.  Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.