КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-декабры № 816
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Салык салынуучу берүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу берүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
11. 2027-жылдын 31-декабрына чейин тоюттарды өндүрүүчү тарабынан айыл чарба балыгын өстүрүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу, ТЭИ ТН 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609 товардык позициялары боюнча классификациялануучу айыл чарба балыгы үчүн тоюттарды салык салынуучу берүүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун биринчи абзацындагы “2025-жылдын 31-декабрына чейинки чейинки” деген сөздөр “2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пункттун биринчи абзацындагы “2025-жылдын 31-декабрына чейинки” деген сөздөр “2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 264 “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун биринчи абзацындагы “2025-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр “2027-жылдын 31-декабрын кошуп алганда” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.