Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 30-декабры ПЖ № 387

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу

системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана

бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды

андан ары ишке ашыруу жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 238 , 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 332 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында башталган реформаларды улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана административдик процесстерди оптималдаштырууга багытталган чараларды андан ары иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Айылчиев Алмаз Асимовичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлсүн, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусу берилсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 238,2026-жылдын 21-сентябрындагы № 332 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

3. Баетов Аяз Батыркулович айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун кызмат ордунан бошотулсун.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 269 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров