КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 812
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ишин уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 17-пунктта:
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) төмөнкүлөрдү кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот:
- борбордук аппараттын кызматкерлерин;
- региондор аралык башкармалыктардын жетекчилерин жана кызматкерлерин;
- аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын жана кызматкерлерин;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын;";
төмөнкүдөй мазмундагы 121-пунктча менен толукталсын:
"121) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;";
13-пунктчадагы "жана фонд" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: