Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 10- сессиясы

2025-жылдын 17-июлу № 52

 

Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө

(Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №57 токтомунун редакциясына ылайык)

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу менен айыл аймагында курулуп жаткан обьектилердин жана башка аткарылып жаткан иштерин көзөмөлдөө үчүн комиссия курамын түзүү үчүн;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айыл аймагында курулуп жаткан обьектилердин жана башка аткарылып жаткан иштерин көзөмөлдөө үчүн депутаттардын ичинен убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы; Эшенкулов Рустамбек Бекманбетович

Мүчөлөрү; Курманалиева Айнагуль Джетмышбаевна

Урматов Эмир Урматович

Опобеков Алыкан Бакирдинович

Аскарбек улу Аскат

Ахметов Мирзат Жеенбекович

Ниязалиева Айнура Бакузеевна

 

(Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №57 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Комиссия курамы айыл аймагындагы жүрүп жаткан баардык обьектилердин иштеринин аткарылышына такай көзөмөл жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Э.Парпиевге жүктөлсүн.

Төрага

 

К. Э. Иманалиев