Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-декабрындагы
№ 800 токтомуна)
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын (мындан ары - "Тамчы" АФИА) жайгаштыруу жерин, аймакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планын, ошондой эле зоналаштыруунун милдеттүү критерийлерин жана тартибин белгилейт.
2. Талаптар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы жана субъекттери үчүн, ошондой эле "Тамчы" АФИАда объекттерди жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди даярдоого, макулдашууга жана ишке ашырууга катышкан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Объекттерди жайгаштыруу жерин аныктоодо, ошондой эле тышкы жана ички чек араларын аныктоодо жана өзгөртүүдө "Тамчы" АФИАнын аймагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планында "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору сакталууга тийиш.
4. "Тамчы" АФИАда объекттерди жайгаштыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук жана коопсуздук;
- Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо;
- экономикалык натыйжалуулук, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, энергиялык натыйжалуулук жана климаттык туруктуулук;
- "Тамчы" АФИАнын кабыл алынган актыларынын ачыктыгы, айкындуулугу, маалыматтуулугу.
5. "Тамчы" АФИАнын ушул Талаптарынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн "Тамчы" АФИАнын тиешелүү актылары кабыл алынат, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Ысык-Көл филиалынын иши туруктуу жана коопсуз режимде жүргүзүлүшү үчүн авиациялык коопсуздуктун жана учуулардын коопсуздугунун талаптарын так сактоо;
- Тамчы" АФИАнын актылары менен иштелип чыккан жана бекитилген жер мамилелери, шаар куруу, аймактык пландоо жана шаар курууну зоналаштыруу, инженердик, коммуналдык жана транспорттук инфраструктура схемалары, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, анын ичинде Ысык-Көлдүн экологиялык системасы, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик, маданий мурас объекттерин коргоо жана жер казынасын пайдалануу, өрт коопсуздугу чөйрөлөрүндөгү ченемдерди жана талаптарды сактоо. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча "Тамчы" АФИАнын тиешелүү актылары кабыл алынганга жана күчүнө киргенге чейин экономикалык иштин субъекттери Курулуш жана жер иштерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын тиешелүү ченемдерин жетекчиликке алууга милдеттүү;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстерге, анын ичинде сейсмикалык таасирлерге, сел жана суу ташкыны тобокелдиктерине, жер көчкү жана эрозиялык процесстерге карата коопсуздук жана туруктуулук.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
аймакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планы - аймакты мейкиндиктик, инфраструктуралык, архитектуралык жана функционалдык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык пландоо документи;
негизги транспорттук багыттар - аймактын тышкы транспорттук инфраструктура менен байланышын жана аймактын ички транспорттук байланышын камсыз кылуучу магистралдык транспорттук маршруттар;
жашылдандырылган аймактардын системасы - аймакта экологиялык, санитардык-коргоочу жана рекреациялык функцияларды аткаруучу табигый жана жасалма жол менен түзүлгөн жашыл бак- дарактардын жыйындысы;
айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралардын планы - аймакта долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган уюштуруучулук, инженердик жана жаратылышты коргоо чараларынын комплексин камтыган документ;
жер участокторун пайдалануу жана уюштуруу боюнча чечимдер - аймактын чектеринде жер участокторун рационалдуу пайдалануу, функциялык зоналаштыруу, пландаштыруу жана куруу тартибин аныктоочу шаар куруу жана жерге жайгаштыруу чечимдери;
долбоордук иштин субъекттери - бул юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле долбоордук документтерди даярдоону, иштеп чыгууну, макулдашууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын аймагында объекттерди жайгаштырууну жана иштерди аткарууну демилгелеген жеке ишкерлер.