Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-майы ПТ № 169
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 115 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме берет);";
- 8-пункттун жетинчи абзацы "Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин" деген сөздөргө чейин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жок болгон учурда маектешүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басарларынын бири менен жүргүзүлөт (милдеттерди бөлүштүрүүсүнө ылайык);";
- 13-пункттун экинчи абзацы "Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык 11-тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |