Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 14-январы № 5

Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

8

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

451

141

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппараты

102

15

 

ведомстволук бөлүмдөрү:

 

 

 

анын ичинде:

 

 

 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти

99

36

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору

62

8

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

188

82

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппараты

58

13

 

аймактык бөлүмдөрү

130

69

".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Түндүк" ачык акционердик коому менен өз ара аракеттенүүдө медициналык статистикалык отчеттуулукту санариптештирүү жана маалыматтык системаларды киргизүү менен байланышкан милдеттерди аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев