Сравнение редакций…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын
21-январындагы № 16
токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
жобо
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү борборлоштурулган иш-чаралар (мындан ары – борборлоштурулган иш-чаралар) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүн борборлоштурулган материалдык-техникалык камсыздоо жана республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүү максатында жүзөгө ашырылат.
2. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө ассигнованиелердин көлөмү тиешелүү жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт жана чыгымдалат.
3. Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) гранттык каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
4. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдардын сметасын түзүү, бекитүү жана тактоо, ошондой эле аларды
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 16 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
1- глава. Жалпы жоболор