Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 23-январы  № 8

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:

–           Мамасадыков Рустам Алайбекович, Тиленова Анара Эгембердиевна курамдан чыгарылсын;

–  Авазов Курванбек Рахманович – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп, Досалиев Эрнес Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары курамга киргизилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти           

 

С.Н. Жапаров