Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-январы № 41

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин

штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин

формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-пунктта:

– төмөнкүдөй мазмундагы 2¹-пунктча менен толукталсын:

“2¹) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеӊештеринин штаттык санынын чеги 2¹-тиркемеге ылайык;”;

– 3-пунктча “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;

3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2¹-тиркеме менен толукталсын;

4) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев

 

Тиркеме

“21 -тиркеме

Республикалык маанидеги