Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23 январындагы № 23
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин билим берүү жаатындагы органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору болуп;
3) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация болуп;
4) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы» мекемеси болуп;
5) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту» мекемеси болуп;
6) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемеси болуп;
7) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси болуп;
8) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Кут Билим» медиа борбору» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» медиа борбору» мекемеси болуп;
9) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтерия» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтерия» мекемеси болуп;
10) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемеси болуп;
11) «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору» мекемеси «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият методикалык борбору» мекемеси болуп;