Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 токтому менен бекитилди) |
Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө,
жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди
кабыл алуу тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө жана жекелештирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
3-глава. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби
4-глава. Качкындын жол жүрүү документин берүү
5-глава. Качкындын жол жүрүү документин алмаштыруу же жараксыз деп таануу тартиби
6-глава. Качкындын талап кылынбаган, жараксыз жана алынган жол жүрүү документтерин сактоо жана жок кылуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанылган адамга берилүүчү качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү, даярдоо, эсепке алуу, берүү, алмаштыруу, алып коюу жана жок кылуу документтерин кабыл алуу жана тариздөө жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – АМС) – качкындардын маалыматтарын чогултууга, сактоого, өткөрүп берүүгө жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система;
анкета-арыз – электрондук түрдө таризделген, өтүнүч билдирген адамдын жеке маалыматтарын камтыган документ;
аймактык бөлүмдөр – качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жүргүзүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
жекелештирүү борбору – жол жүрүү документтерин жекелештирүүнү жүргүзүүчү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагындагы жекелештирүү бөлүмү;
санариптик колтамга (мындан ары – СК) – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
жол жүрүү документи – «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын деп таанылган адамдын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү үчүн арналган белгиленген формадагы документ, ал улуттук паспорттун ордуна ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары колдонулушу мүмкүн.
3. Жол жүрүү документи тексттик, машина менен окула турган маалымат менен материалдык алып жүрүүчүдөгү документ түрүндө таризделет.
Жол жүрүү документи эки жылдык мөөнөткө берилет.
Качкындын ырастамасынын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлгөн жол жүрүү документинин колдонуу мөөнөтүнө узартылат.
Жол жүрүү документин алмаштыруу качкындын арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген качкындын колдонуудагы ырастамасы көрсөтүлгөндө жол жүрүү документи жарактуу деп эсептелет.
4. Идентификациялык жеке номеринин болушу жана барган жери боюнча каттоодон өтүү качкындын жол жүрүү документин алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Өтүнүч билдирген адамда идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ИЖНди генерациялоону жана ыйгарууну жүргүзөт.
5. Жол жүрүү документинин бланктарынын формалары, сыпаттамасы, үлгүлөрү, анын техникалык өзгөчөлүгү, ошондой эле анкета-арыздардын формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
6. Жол жүрүү документин тариздөө, жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн анкета-арызды жиберүү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө качкындын жеке өзү берген арызы боюнча жүргүзүлөт.
7. Качкындын жашы жете элек (18 жашка чейинки) балдарына, анын ичинде анын камкордугундагы же көзөмөлүндөгү балдарга жеке жол жүрүү документтери берилет.
Камкордукка же көзөмөлгө алынган жашы жете элек (18 жашка чейинки) балдар камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн же башка мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда гана Кыргыз Республикасынан чыгат.
8. Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн төлөм анкета-арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнүч билдирген адам тарабынан төлөнөт.
Качкындын жол жүрүү документин тариздөө, жекелештирүү жана берүү үчүн төлөм ырасталбаган учурда санариптик анкета-арыз кабыл алынган жок деп эсептелет.