Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 30-январы № 42

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жободо:

– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 “Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:

– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 103-пунктча менен толукталсын:

“103) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:

“– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.”.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: