Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/1
Кара-Суу айыл аймагынын Комсомол айылындагы “Баластан-Нуру” бала бакчасынын чатырын оңдоо, аянтчасына брусчатка төшөө жана көмүркана курууну дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Комсомол айылындагы “Баластан-Нуру” бала бакчасынын чатырын оңдоо, аянтчасына брусчатка төшөө жана көмүрканакурууну дем берүүчү гранттын эсебинен 2 992 800 (эки миллион тогуз жүз токсон эки миң сегиз жүз) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери П. Багышованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 448 920 (төрт жүз кырк сегиз миң тогуз жүз жыйырма) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай түрүндө Комсомол айылындагы “Баластан-Нуру” бала бакчасынын чатырын оңдоо, аянтчасына брусчатка төшөө жана көмүрканакуруу долбооруна 2026-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара- Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |