Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/2
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин көмүр кампасын куруу боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин көмүр кампасын куруубоюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин көмүр кампасын куруу боюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн төлөнө турган 148 368 (бир жүз кырк сегиз миң үч жүз алтымыш сегиз) сом акча каражаты Кара- Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |