Загрузка документа…
2025-жылдын 15-декабры №4/3
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылындагы Кубатбеков Мисирбек атындагы бала бакчанын имаратынын сыртын жылуулоо иштерине жана керектүү материалдарды алуу боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылындагы Кубатбеков Мисирбек атындагы бала бакчанын имаратынын сыртын жылуулоо иштерине жана керектүү материалдарды алуубоюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылындагы Кубатбеков Мисирбек атындагы бала бакчанын имаратынын сыртын жылуулоо иштерине жана керектүү материалдарды алуу боюнча“Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн төлөнө турган 167 330 (бир жүз алтымыш жети миң үч жүз отуз) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине
тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |